Ошто куралчан кызматкерлерди көрсөңүз, чочулабаңыз. «Крутой» рейди жүрүп жатат

Ош шаарынын аймагында «Крутой» деген аталыштагы кылмыштуулуктун алдын алууга, мурда катталган кылмыштардын бетин ачууга багытталган профилактикалык иш-чара өткөрүлө баштады. Бул тууралуу аталган шаардагы милициядан маалымдашты.
Иш-чара Ош ШИИБнын өздүк курамы, Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматы жана атайын милициянын полкунун кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп жатат. Ош шаарынын жашоочулары жана келген коноктору, эгерде Ош шаарынын аймагынан куралчан милиция кызматкерлерин көрүп калсаӊыз, чочулоого негиз жок. Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо боюнча өз милдеттерин аткарып жатышат.