Ошто кутурма оорусуна шектелген бала ооруканага жаткырылды

Ош облусунда кутурма оорусуна шектелген бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылы туулган бала 5-сентябрда Аравандагы ооруканага түшкөн. «Бала гидрофобия (кутурма) деген шек менен жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Биз адистердин консилиумун өткөрдүк», — дешти министрликтен.

Баланын абалы орточо оор деп бааланууда. Балага керектүү дарылоо жүргүзүлөт.