Ошто мал кароого жайлоого кеткен 17 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Ошто 17 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

22-май күнү Коргон айылынын тургуну 17 жаштагы өспүрүм Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал жандыктарын кароо үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. ӨКМге маалымат 24-май түнү саат 01:00 чамасында түшкөн.

Бүгүн, 24-майда издөө иштерин жүргүзүү 5 куткаруучу тартылып, Үңкүр айылына жетип барганда жергиликтүү тургундар тарабынан жоголгон баланын жансыз денеси табылгандыгын билдиришкен. Куткаруучулар баланын жансыз денесин ата-энесине өткөрүп беришти.