Ош шаарынын мэринин мурунку орун басарынын эжесине таандык делген дүкөн бузулууда. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
«Исанов көчөсүндө жайгашкан “Нур” соода дүкөнүнүн кызыл сызыкка чыгып, жашыл аймакка курулуп калган бөлүгүн алып салуу иштери башталды. Дүкөн ээсине буга чейин эскертүү берилгендигине карабастан бузуп салуу иштерин жүргүзгөн эмес. Ага байланыштуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы дүкөндүн мыйзамсыз жерин бузуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Аталган дүкөн Ош шаарынын мэринин мурунку орун басары Нурбек Кадыровдун бир тууган эжесине таандык болгондуктан, бул жер бузулбай жатат деген коомчулукта пикирлер айтылган»,- деп айтылат маалыматта.