Ош ШИИБдин кызматкерлери үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана алардын балдарынын абалы менен таанышышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Учурда бул жерде республикабыздын түштүк аймактарынан келген 6 аял жана аларга таандык 5 бала бар. Милиция кызматкерлери алардын жашоо-шарттары менен таанышып, жарандык укуктары боюнча айтып беришти. Татаал тагдырга дуушар болуп, бул кризистик борбордо күн кечирип жатышкан аял-балдарга милиция кызматкерлери адабий окуу китептерин, шириндиктерди тапшырышты.