Ошто сатылган коон, дарбыз текшерүүдөн өтүп, коондун зыяндуулугу аныкталды

Ош шаарында сатылып жаткан коон, дарбыз текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

«Ош шаардык ветеринардык кызматы базарларда сатылып жаткан дарбыз, коондун курамын текшерүүгө алды. Текшерүүнүн жыйынтыгында дарбыздарда нитраттын курамы нормада (60 мг/кг) экендиги аныкталган. Ошол эле учурда коондо нормасы килограммына (норма 90 мг) 164 мг нитрат болгон. Андыктан азырынча коонду жегенден баш тартып турууну сунуштайбыз», — дейт Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Сүйүмбай Абдуллаев.

Учурда Ош шаарына коон, дарбыз Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай, Кызыл-Жар аймактарынан жана Өзбекстандан алынып келүүдө.