Катуу келген селден улам Ош шаарынын аймагындагы бир катар коммуналдык тармактарда авариялык абалдар катталды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Электр подстанцияларын, мамычаларды жана таза суу насостук станциясынын түтүктөрүн алып кеткен. Мындан сырткары Ош борбордук базары да убактылуу жабылып, электр энергиясын берүү токтотулду. Учурда кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Мэрия Ош шаарынын тургундарын убактылуу ыңгайсыздыкты туура түшүнүу менен кабыл алууну сурайт.