Ошто сууга түшүп кеткен унаанын жүргүнчүсү 16 күндөн бери табыла элек

default

27-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочунун жанындагы 1999-жылы туулган жаран унаадан чыга албай калып калган, ал эми айдоочу 1997-жылы туулган жаран өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Жаранды издөө иштери бүгүн, 13-майда таң эрте улантылган куткаруучулардын издөөсүнө ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан 3 офицер, Кара-Кулжа райондук ӨК бөлүмүнөн 18 куткаруучу, жалпы 21, Тез жардам кызматынан 2 адис, ИИМден 8, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.