Кечээ, 11-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 мм болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Калаа башчысы аталган долбоордун маанилүүгүн белгилеп, алдыда жасалчу иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Бул долбоор шаарды таза суу менен камсыз кылуунун үчүнчү этабы болуп, маселеге чекит коёт. Даңги тилкесинде алгач бийиктиги 7 метрди түзгөн дамба курулат. Бул 20-мартка чейин бүтүшү керек. Андан соң узундугу 2400 метр болгон суу түтүгүн тартуу каралган. Жумушту толук түрдө бүткөрүү ушул жылдын август айына белгиленген.