Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарында УКМКнын Аскердик контрчалгындоо Башкы башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан эгемендик алгандан бери УКМКнын Аскердик контрчалгындоо Башкы башкармалыгынын бөлүмүнө биринчи жолу жаңы имарат салынып жатат. Жаңыланган мекемеде заманбап бардык шарттар камсыздалган.
Камчыбек Ташиев мындан ары УКМКнын Аскердик контрчалгындоо Башкы башкармалыгы тарабынан өлкөдөгү бардык аскер кызматкерлеринин ички тартибин тыкыр жөнгө салууга катуу аракеттер көрүлөөрүн белгиледи.
УКМКнын Аскердик контрчалгындоо Башкы башкармалыгынын 4-бөлүмү буга чейин Советтер союзу учурунда курулган эски корпуста иштеп келишкен. Кызматтык шарттар камсыздалган эмес болчу. Камчыбек Ташиев жаңы имараттын аймагына арча отургузду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram