Ошто зоо таштары кулаган жол бир тараптуу ачылды

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 82-чакырымына алдын ала маалымат боюнча 22-апрелде түнкү саат 2:00 чамасында зоо таштары кулап, жолду жаап калган. Жабыр тарткан жарандар жок. Кырсыктын кесепетинен чон чыңалуудагы электр чубалгылары үзүлгөн.

Жол ошол эле күнү бир тараптуу ачылды. Жерине жиберилген техниканын жардамы менен аталган унаа жолу азыркы учурда кеңейтилүүдө. Ошондой эле электр тармактары ишканасынын адистери жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын калыбына келтирүү иштерин жасап жатышат.