Оштогу №5 СИЗОдо соттолгон адам ачкачылык жарыялады

Ош шаарындагы №5 СИЗОдо абактагы адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ЖАКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаран 9-августта кургак ачкачылык жарыялаган. «Абактагы жарандын СИЗОнун кызматкерлерине эч кандай дооматы жок. Ал соттун чечимине макул эмес. Уурулук боюнча айыпталып, 3 жылга эркинен ажыратылган», — деп билдиришти.