Оштогу абакта Сириядан 3 баласы менен кайтарылган аял жатат. Ал укугун коргоону суранды

Акыйкатчы институту Ош шаарындагы №5 тергөө абагындагы жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү.

Тергөө абагына барган учурда 291 адам кармалып турган. Алардын ичинен 12си аял. Ошондой эле, өмүр бою эркинен ажыратылган 2 жаран бар. Тергөө абагы 511 адамга эсептелген.

Мониторинг жүргүзгөн учурда камералар ным тартып, эскирип калганы аныкталган. Бирок кармалып тургандар кармоо шарттарына арызданышкан эмес. Алардын арасынын бешөө укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүшүп,  укук коргоо жана тергөө органдары тарабынан укуктарынын бузулушуна даттанышкан. Камакка алынгандардын бири анын иши боюнча сот отуруму улам жылдырылып жатканына нааразы болду. Дагы бирөө жакындары менен байланышууга жардам берүүнү суранган.

«Алардан башка камалгандардын бири 40 жаштагы аял өз укугун коргоону суранып арызданды. Ал Сириядан үч баласы менен 2023-жылдын октябрында өкмөттүн программасынын негизинде кайтарылганын айтып берген. Анын айтымында, ал реабилитациялык процедуралардан өткөн. Ошого карабастан укук коргоо органдары тарабынан 2024-жылы марттын башында кармалган. 7-мартта Кара-Суу райондук соту 7-апрелге чейин камакка алуу баш коргоо чарасын кабыл алган. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, ал Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси «Жалданмачылык» боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча кармалган. Аялдын кайрылуусун Акыйкатчынын орун басары өз көзөмөлүнө алды», — деп айтылат маалыматта.