Оштогу коюу тумандан улам учактар ​​коно албай жатат

Ош аэропортундагы коюу туман Бишкектеги бир нече каттамдардын кармалышына себеп болду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Оштогу аэропорттогу коюу туманга байланыштуу Бишкектен уча турган үч каттам жылдырылган. «Тез жет» учагы Ошко коно албай, Бишкекке кайтууга аргасыз болгон.