Оштогу медреседе реанимацияга түшүп калгыча сабалган өспүрүм. Муфтият үн катты

Ош облусундагы медреседе 12 жаштагы бала денесинен оор жаракат алып ооруканага түшкөн. Окуя боюнча Муфтият үн катып, медресе Муфтияттын карамагында эместигин билдирди.
  • Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты 13 жаштагы 3 өспүрүм жана 12 жаштагы 1 өспүрүм тарабынан жасалгандыгы аныкталып, алардын кыймыл-аракеттеринде Кылмыш-Жаза кодексинин 130-беренесинде каралган кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок окуя болгон учурда жогорудагы балдардын жаш курагы 13 жашта экендиги, ал эми Кылмыш-Жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүндө кылмыш жасаганга чейин жашы 14кө толгон бала ушул Кодекске ылайык кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш деп көрсөтүлгөн.
«Соңку эки-үч күндөн бери интернетте Ош облусуна караштуу Ноокат районунун “Равза” аттуу медресесинде өспүрүм сабалды деген маалымат тарап жатат. Тилекке каршы, кейиштүү окуяга ар кандай түс берилгендиктен, атайын билдирүү жасоону туура көрдүк. Муфтият аталган окуя боюнча ички териштирүү ишин жүргүзүүдө. Муфтияттын карамагында «Равза» аттуу медресе жок экенин кабарлайбыз. Бизге белгилүү болгондой, окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.