Оштогу музыкалык окуу жайга жаңы жетекчи келди. Бирок эмгек жамаат аны да кабыл алуудан баш тартып жатат

Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын Самара Каримованын жетекчи болушуна каршы чыккан жамааты жаңы келген жетекчини да кабыл албай жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, музыкалык билимге ээ, буга чейин аталган окуу жайда эмгектенип келген Ильязбек Ташболот уулу 3 айлык сыноо мөөнөтү менен Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына бүгүн, 27-январда директор болуп дайындалды.

Жаңы директорду окуу жайдын эмгек жамаатына министрдин орун басары Илязбек Балташев тааныштырган. Бирок аталган окуу жайдын директорунун орун басары Райхан Самидинова жергиликтүү басылмаларга министрлик жаңы дайындаган Ильязбек Ташболот уулунун да талапкерлигин музыкалык окуу жайдын жамааты “жактырган” жок деп билдирген.

«Биз жамааттын атынан 3 талапкерди көрсөткөнбүз. Директордун орун басары деп мени да көрсөтүштү. Бирок менин жетекчи болуу оюмда жок.

Ал эми бүгүн тааныштырган директор биздин окуу жайда 2008-жылдан бери иштеп келет. Бир ооз мен да талапкерлигимди коюп жатам деп айткан жок. 5 күндөн бери телефонун албай, сабактарына келбей жүрдү. Көрсө, ушул ишти бүтүрүп жүрүптүр. Бизге бир ооз айтканда, буга да макул болбойт элек. Азыр Самара Каримованы колдогон 4 мугалим муну да колдоп жатышат. Министрлик аны 3 ай сыноо мөөнөтү менен иштеп турсундеди. Биз макул эмеспиз, дагы арызданабыз. Кайра-кайра эле бизге маалымдабай, кеңешпей туруп, жетекчи алып келип жатышат. Самара Каримова келгенде кандай таң калсак, азыр да ошондой абалдабыз», — деп билдирген Самидинова.