Оштогу төрөтканада ымыркайдын бутун сындырып алышканы айтылды. Милициянын маалыматы

Кечээ, 4-июлда соцтармак колдонуучулары Ош шаардык төрөтканасында дарыгерлер ымыркайдын бутун сындырып алышканын жазып чыгышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агентттигине Ош ШИИБинен аталган маалымат катталганын билдиришти.

«Аталган маалымат Ош шаардык ички иштер башкармалыгына маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон төрөт үйүнө барып, алгачкы иликтөө иштерин баштады. Ымыркайга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат беребиз»,- дешти шаардык милициядан.