Шаршемби, 04.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Өспүрүм кыз терезеден секирүүгө аракет кылган». Акыйкатчы дагы бир зордуктоо боюнча маалымат таратты

11:04 04.04.2024
0
«Өспүрүм кыз терезеден секирүүгө аракет кылган». Акыйкатчы дагы бир зордуктоо боюнча маалымат таратты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды сотто өспүрүмдүн укугун камсыздоого чакырат. Анын жеке кабылдамасында болгон өспүрүм кыздын атасы анын кызынын укугу бузулуп жатканын айтып арызданды. Анын айтымында, кызын зордуктоо боюнча кылмыш иштин алкагында сот отуруму 2023-жылдын май айынан ушул күнүнө чейин дээрлик бир жылдан бери созулуп келет.

Кыздын атасы тергөө жана сот учурунда да кыздын укугу бузулуп жатканын айтып, зордуктоого шектелип жаткан айыпталуучу жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулайт. “Сотто айыпкердин жактоочусу аны актоо үчүн кызымды каралап жатат. Зордуктоо 2022-жылдын декабрь айында болгон. Ошондон бери биз адилеттик үчүн күрөшүп келебиз. Бирок тергөө жана прокуратура органдары тарабынан биздин укуктарыбыздын одоно бузулушуна туш болуп жатабыз. Мыйзамга ылайык, жабыр тарткандардын укуктарын коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон мамлекеттик органдар далилдерди жоготуп, ал эми экспертиза ар кандай корутунду чыгарып жатат”, — деп нааразы болду жабырлануучунун атасы.

“Мисалы, беттештирүү учурунда, кылмышка шектүү, кызымды спирт ичимдиктерин ичирип, мас кылып зордуктаганын моюнуна алган. Ошондой эле, ал кызыма боюна болтурбоо үчүн дары ичиргенин да айтып берген. Сурак кылмышка шектүүнүн жактоочусунун катышуусунда болгон. Ал эми сурактын жүрүшү видеого тасмага тартылып турган. Тергөөчүнүн тактап сураган суроолорунун баарына шектүү жооп берип, тастыктап берди. Мунун баары шектүү кармалган биринчи күнү болгон. Ошол эле учурда тергөөчү соттук-медициналык экспертиза өткөрүү жөнүндө токтом жазып берген. Экспертиза кыздын кыздык белгисинде бузулуу бар деп зордуктоого кабылганын тастыктады. Эксперттин алдын ала корутундусу ишке тиркөө үчүн тергөөчүгө өткөрүп берилди», — деди кыздын атасы.

Бирок кыздын атасынын айтымында, бир аз убакыттан кийин баары өзгөрүп баштаган. “Кылмыш иштин материалдарында шектүү зордуктоону мойнуна алган видео жок экени белгилүү болду. Алардын айтымында, тартуу иштери башталганда камеранын иштетүү баскычын басууну унутуп калышкан имиш. Ушул кантип болсун? Зордуктоо ырасталгандан бир нече күн өткөндөн кийин, мага эксперттик кызматтан телефон чалып, экспертиза жүргүзүү үчүн кайра келүүнү суранышты. Биз келсек, ал жакта бизди 4-5 дарыгер күтүп жатышыптыр, алар текшерүү жүргүзүшүп, жыйынтыгында эч кандай кыздык белгиси бузулган эмес жана жабыркоо жок экенин айтышты. Биз ачууланып, менчик клиникадан гинеколог чакырдык, ал кызбыздын зордуктоого кабылганын аныктап берди. Ошентсе да, экспертиза бизге кыздык белгиси бузулган эмес жана жабыркоо жок деген корутундуну берип коюшту”, — деп кыздын атасы нааразы болду.

Жабырлануучу кыздын атасынын айтымында, 2022-жылы 7-декарда 2007-жылы туулган 15 жаштагы кызы мектепке кеткен бойдон үйүнө келген эмес. Алар ошол эле күнү Аламүдүн РИИБне арыз менен кайрылган. 9-декабрда милиция кызматкерлери кыздын уюлдук телефону аркылуу, болжолдуу жайгашкан жерин табышкан. Издөө иштеринин жыйынтыгында, кыз Бишкектеги Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен табылган. Андан тышкары, батирде эки жигит жана дагы бир кыз болгон. Аларды милиция ички иштер бөлүмүнө алып кеткен. Милицияда кыздын атасы кызы табылганын, аман-эсен экенин, дооматынан баш тартаарын билдирип, арыз жазыш керек болчу. Бирок бул маалда башка кабинетте отурган өспүрүм кыз терезеден секирүүгө аракет кылган. Ошол учурда аны токтотконго жетишип калышкан. Ошондо кыз ыйлап, кармалгандардын бири аны зордуктаганын айтып берген. Кыздын атасы бул иш боюнча дароо милицияга арыз жазган, бирок кылмыш башка райондо болгондуктан, иш башка РИИБге өткөрүлүп берилген. Ал эми кылмышка шектүү дароо кармалган.

Андан сырткары, кыз табылган үйдө тинтүү иштери жүргүзүлгөндө, кыздын биологиялык суюктук бар колготкиси табылган. Бирок тергөө учурунда шектүүнү Казакстанда жүргүзүлгөн экспертизанын талаштуу корутундусуна таянып коё берип жиберишкен. Азыр ал дээрлик бир жылдан бери эркиндикте жүрөт.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды кыздын укуктарынын камсыздоого чакырат. «Акыркы убакта зордук-зомбулукка кабылган курмандыктарды атайлап каралоо учурлары көбөйдү. Зордук-зомбулукка кабылган секелек кыздардын өздөрүн күнөөлөгөнгө аракет кылгандар бар. Укук коргоо органдары ушул сыяктуу аракеттерге бөгөт коюп, зомбулуктун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш», — деди Жамиля Жаманбаева. Ошондой эле Акыйкатчы соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү учурунда кыздын укуктарынын бузулушу боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү расмий суроо-талаптарды жиберет. Андан сырткары, Омбудсмен өзгөчө тынчсыздануу менен зомбулуктун курмандыктарынын жеке маалыматтарынын купуялуулугунун сакталышын камсыздоого укук коргоо органдарынын көңүлүн бурат.

Сөз бир нече айлар бою 9 эркек тарабынан зордукталып келген 13-жашар кыздын окуясы тууралуу болуп жатат. “Социалдык тармактарда зомбулукту актоо максатында, айрым адамдар Сокулукта зордуктоого кабылган 13 жашар кыздын сүрөтүн жана жеке маалыматтарын таратып жатышат. Бул жабырлануучунун көрсөтмөсүн өзгөрүүгө багытталган басымдардын бири. Ага байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан бул адамдардын аракетине карата мыйзам чегинде укуктук баа берилип, аларды жоопко тартышы керек”, — деди Жамиля Жаманбаева.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:53 03.03.2026
1

"Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, ата мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат". Бул тууралуу...

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчилиги тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп,...

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:51 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабия Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Оман...

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:42 03.03.2026
0

Соцтармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тарады. Бул тууралуу Спутник жазды. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин...

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:43 02.03.2026
1

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Фестиваль 2-марттан 10-мартка...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

21:03 03.03.2026
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

1
Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

21:03 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

17:53 03.03.2026
4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

17:47 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү