«Өспүрүм кыздын укугун тепселеп, оозун баскан кандай оңой…» Акыйкатчы сабалган окуучу кыз үчүн аягына чейин күрөшөрүн айтты

Учурда коомдо резонанс жараткан мугалим менен окуучунун чыры тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова расмий билдирүү таратты. Ал окуучу кыз коргоого муктаж экендигин жана ортодо «чоңдор» аралашып, окуяны жабууга аракет кылып жатышканын жазган.

— Мыйзам, Конституция, эл аралык стандарттар да 14 жаштагы Сузактагы окуучу кыздын, анын классташтарынын укуктарын мыйзамды, ыйманды бузган мугалимден коргош керектигин талап кылат.
Азыр өспүрүм кыздын укугун коргоо, адилеттүү болгонубуздан бул кыздын гана тагдыры эмес, толук классташтарынын, айылдаш курбуларынын, мамлекеттеги бардык окуучулардын тагдыры чечилерин унутпагыла.

Мугалим окуткандын ордуна сөксө, урушса, кемсинтсе, сабаса унчуга албайбыз, эч ким эч нерсе кылбайт деп ар бир кыргызстандык жашы жете элек кыз-бала түшүнүп калат. Ар бир мугалим баланы окуткандан, тарбия бергенден көрө, окуучуларга эптегенин жашырыш үчүн же жаман көңүлүн балдардан чыгарып зиркилдесем, ырайымсыз мамиле кылсам, урсам, зордуктасам, кыйнасам, кемсинтип укугун бузсам — мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылбайм, директор, “районо”, министр мени колдойт деп канча балдарыбыздын тагдырын бузушат?! Мамлекет, Билим берүү министрлиги, министрлер кабинети эгерде 30 жылдан ашык түптөлгөн “бармак басты, көз кысты” кылып мугалимдин, директордун күнөөсүн өспүрүм кызга илип, карапайым ата-энесин жаманатты кылгылары келсе — мыйзам алдында болбосо да, өз абийиринин алдында, тарых алдында жооп беришет. Өспүрүм кыздын укугун тепселеген кандай оңой, ээ? Алсыз, жаш кыз киши, карапайым, таанышы жокту “алдаган” оозун баскан кандай оңой, ээ? Өзгөрүү качан болот “система”?

Биздеги маалымат боюнча, “аксакалдар”, “чоңдор” ортого түшүп, кызды тезирээк больницадан чыгарттырып, тосмо арыз жаздыртуу аракеттери жүрүп жатат. Мугалимди кайра мектепте калтырышыптыр, директордун жоопкерчилиги жөнүндө тымтырс. Бугун өспүрүмгө кыйноо колдонуу тууралуу Стамбул протоколу түздүрүлдү. Атайын текшерүүгө түзүлгөн расмий мамлекеттик комиссияга биздин өкүлдү байкоочу катары киргизгиле деп талап коюп жатабыз. Текшерүү мыйзамдуу, негиздүү, көз карандысыз өтүшүнө элдин ишениши керек! Министрликке бул маалымат чыкканда эле суроо-талап жөнөтүлгөн, прокуратурага да кетет талаптар. Акыйкатчы катары жеринен барып альтернативдүү иликтөө жүргүзгөнгө, өспүрүм кыздын укугун коргогонго чыгам, — деп билдирүү калтырган акыйкатчы.