Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койду

Үч мамлекеттин энергетика министрлери «Камбар-Ата-1» ГЭСнин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

6-январда Кыргызстандын Энергетика министрлигинде Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында тараптар «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен талкуу өткөрүштү. Андан соң тараптар «Камбар-Ата-1» ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна кол коюшту.

«Камбар-Ата-1» ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына Кыргызстандын энергетика министри Ибраев Таалайбек Өмукеевич, Казакстандын энергетика министри Акчулаков Болат Уралович, Өзбекстандын энергетика министри Мирзамахмудов Журабек Турсунпулатович кол койду.