Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен жерде жашаган 130дай үй-бүлөнү көчүрүүнү пландоодо

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арада жашаган 130дай үй-бүлөнү көчүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу премьер-министр Абдулла Арипов 14-ноябрда Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чек ара аймактарын делимитациялоо жана демаркациялоодон кийин чек арадан 50 метр алыстыкта ​​коргоо тилкеси жана эки катар тосмолор түзүлөт, ошондой эле «коргоо жана эксплуатацияга» байланыштуу башка талаптар аткарылат.

«Албетте, айрым жерлерден элди көчүрүүгө аргасыз болобуз. Биздин алдын ала эсептөөлөр боюнча 130 үй-бүлөнү көчүрүү пландалууда. Компенсация үчүн болжол менен 50 миллиард сум (4,5 миллион долларга жакын, ар бир үй-бүлөгө орточо 384,6 миллион сум) талап кылынат. Бул болжолдуу сумма», — деди ал.