Өзбекстанда дарыгерлер кыргызстандык сиам эгиздерин ажыратышты

Өзбекстандык дарыгерлер кыргызстандык сиам эгиздерин ажыратышты. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, хирургдар биринчи жолу өз алдынча сиам эгиздерин бөлүү операциясын жасашкан.

Фотима жана Зухра аттуу кыздар 2022-жылы 31-майда төрөлгөн. Алардын сиам эгиздер экени кош бойлуулуктун 28-жумасында аныкталып, апасы Оштон Бишкекке жөнөтүлгөн. 29 жумалыгында кесарево жолу менен кыздарды төрөгөн. Төрөлгөн балдардын жалпы салмагы 1,6 килограммды түзгөн. Адистер балдардын абалын туруктуу деп баалап жатышат.