«Кадамжай» өткөрмө пунктунан Өзбекстандан үч аял мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар Өзбекстандан Кыргызстанга ПЦР-тесттин терс натыйжасы тууралуу сертификатты көрсөтпөстөн өтүүгө аракет кылышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык -карантиндик кызматынын кызматкерлери аларды киргизбей коюшкан. Кыздар өзүн агрессивдүү алып жүрүшкөн, чек арачылардын да, милициянын да талаптарын аткарышкан эмес, көзөмөл-өткөрмө бекетинде чатак жана мушташ чыгарышкан.
Укук коргоо кызматкерлери мамлекеттик чек араны бузуучуларга каршы териштирүү жүргүзүшкөн.