Өзбекстандын президенти Кемпир-Абад жана кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамга кол койду

Кечээ, 30-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын тилкелери жөнүндө келишимди жана Анжиян (Кемпир-Абад) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Макулдашууга ылайык, жалпы узундугу 302,29 чакырымды түзгөн чек ара сызыгы, анын ичинде өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын 35 тилкеси аныкталган. Өзбекстан ошондой эле Анжиян суу сактагычынын аймагынан 4957 миң гектарды жана дамбаны коргоо үчүн кошумча 19,5 гектар жерди алат, Кыргызстанга компенсация катары 1019 миң гектар жайыт жер берилет.

Өзбек тарап суу сактагычтагы суунун деңгээлин 900 метрден ашпаган деңгээлде кармап турууга, суу сактагычтын суусун кыргыз элинин эркин алуусун жана пайдалануусун камсыз кылууга (мал сугаруу, ирригация, балык уулоо), инженердик жабдууларды орнотпоого жана курулуш жүргүзбөөгө  милдеттенет.

29-ноябрда президент Садыр Жапаров жогорудагы мыйзамдарга кол койгон.