Өзгөндө жер көчкүдөн улам чатырга көчүрүлгөн тургундарга шарттар түзүлүп жатат

22-март күнү таңга маал түшкөн жер көчкүдөн улам Өзгөндүн Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги 18 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Мындан улам көчүрүлгөн калктын убактылуу баш калкалоосу үчүн ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган. Азыркы учурда толугу менен шарт түзүү максатында электр жабдууларын орнотуу иши аяктап, таза суу менен камсыздалды. Ага катар эле “Улуттук Кызыл-Ай ”коому тарабынан 2 чатыр орнотулуп анда штаб жана медпункт жайгашкан. Азыркы учурда убактылуу жашап жаткан 81 жаранга төшөнчү, гигиеналык каражаттар жана тиричилик буюмдары берилди.

Бүгүн, 26-мартта саат 07:00гө карата жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, мал сарайга 10 метр аралык калды.