Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча жыйындын имараттын ичинде эмес, сыртта өтүшүн талап кылышууда (видео)

Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча жыйындын имараттын ичинде эмес, сыртта өтүшүн талап кылышууда.

Ош облусунун башчысынын орун басары Эрнис Толтоев жыйын эмне үчүн жабык өтүп жатканын түшүндүрдү. Кемпир-Абад боюнча позициясы тууралуу аткаминерге суроо берилгенде ал «элдин кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турат» деп жооп берди.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Кемпир-Абад боюнча жолугушууга даярдалган адамдар киргизилип, карапайым эл көчөдө калганын билдирген эле.