Өзгөндөгү мектептин ачылышында көйнөкчөн бийлеген кыздар. Директор эскертүү алды

Билим берүү министрлиги салтанаттуу иш-чарада тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн Өзгөн районундагы №38 мектептин директору Жылдыз Дадабаевага эскертүү берди.

Кечээ, 23-январда №38 орто мектептин жаңы имараты ачылды. Имараттын курулушу көп жылдарга созулуп, ага чейин окуучулар шарты начар эски мектепте билим алышкан. Жаңы имарат 220 орунга ылайыкталган. Мектепте 502 окуучу билим алат. Ачылыш аземге райондук, облустук жана коомдук уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү катышкан. 

«Ачылыш райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолгон, ага окуучулар тартылган эмес. Салтанаттын соңунда коноктор мектеп менен таанышуу үчүн имаратка киргенде окуучулар өздөрү музыканын коштоосунда бийлешкен. Бул ачылыш программасына киргизилген эмес. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн директорго эскертүү берилди», — деп айтылат маалыматта.