Өзү өлтүрүлүп, тоок фермасы өрттөлгөн Матиса Надировдун 9 миллион сом насыясы жокко чыгарылды
Баткендин чек арага чектеш Ак-Сай айылында тоок ферма кармаган Матиса Надиров аттуу ишкер Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болгон. Кечээ, 19-октябрдагы жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров анын 9 миллион сом насыясы жокко чыгарылганын айтты.
Анын айтымында, ишкердин артында уулу бар. Ага тоок ферма салууга көмөк көрүлөт. "Биз уулун атасынын ишин улантып кетүүсүн каалайбыз", - деди ал.