Abank
SerepTV Logo

Өзүн-өзү тиштеген эшектин видеосу тарады

Өзүн-өзү тиштеген эшектин видеосу тарады
Социалдык тармактын колдонуучулары Баткенде тартылган видео менен бөлүшүп жатышат. Анда эшектин өзүн-өзү тиштегилеп жатканын көрүүгө болот. Маалыматтарга караганда, кутурмага шектелген эшек өлтүрүлүп, лабораторияга жөнөтүлгөн. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган 8 бейтап ооруканага жаткырылганын билдирген. Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин натыйжасында, Кызыл-Кыя шаарынын 8 тургунун 1 белгисиз ит тиштеп алганы аныкталган. Ит табылып, жок кылынган. Баткендеги ветеринардык лабораторияга кийинки изилдөө үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынды. Ошондой эле бул ит 3 баш бодо малды тиштеп алган, алар 10 күндүк байкоодо турат. Бул иттин тиштөөсүнөн жабыркагандардын бардыгы Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалган. Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kyzyl-kyyada-jolbun-it-8-adamdy-3-bodo-maldy-tishtep-algan-anyn-meesi-izildenip-jatat/"> улантылууда.  Сезимталдарга видеону көрүү сунушталбайт.