«Өзүңүздүн элиңизди жектебеңиз». Демократиялык кыймыл президентке кайрылып, жарандарды бөлбөөгө чакырды

Бириккен демократиялык кыймылы президентке кайрылып, жарандарды бөлбөөгө чакырды.

«Бүгүн, 23-сентябрда «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегиңиз менен толук таанышып чыгып, сизге кайрылууну туура таптык. Биздин элибиз бүгүнкү күндө кан жутуп, зар какшап турат. Баткенде болгон окуя 59 жараныбыздан ажыратып, 200гө жакыны жаракат алып, миллиарддаган сомдорго зыян тартып, ар бир мекенчил атуулдарыбыздын көкүрөгүн оюп, жүрөгүн жаралантып турат. Мамлекетибиздин бүтүндүгү, көз карандысыздыгы, намысы үчүн козголгон элибиз, түп көтөрүлө күрөшкө даяр экенин көрсөттү. Коомубуздун басымдуу бөлүгү жана саясий күчтөрү, көз карашыбыз жана позицияларыбыздын ар түрдүүлүгүнө карабастан, сизди колдоп турабыз. Мындай оор учурда сизден суранарыбыз, — өзүңүздүн элиңизди жектебей, жакшы-жаманга бөлбөй, митингге чыкканын да, чыкпаганын дагы жерибей, бөлүп жарбай, баарыбыздын башыбызды бириктириңиз! Азыркы кырдаалда, журт башчысы элди биригүүгө, ынтымакка, баардык саясий күчтөрдү биримдикке жана диалогго алып келүүгө милдеттүү», — дешти.

Буга чейин президент Садыр Жапаров митингге чыккандарды «жалган баатырлар» деп атаган эле.