Памирдеги кыргыздардын оорудан улам каза болуп жатканы тууралуу маалымат текшерилип жатат

Ооганстандын Памир өрөөнүндө катуу вирустук инфекциянын жайылып кеткени жана этникалык кыргыздардын өлүмү тууралуу кыргыз маалымат каражаттарына тараган маалыматты Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги текшерип жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Телефон байланышы жок болгондуктан жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздардын чыныгы абалын тактоо максатында аталган жерге элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда, Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу аныкталган эмес.