Памирлик кыргыздарга президенттин атынан жардам берилди

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган памирлик кыргыздардын үй-бүлөлөрүнө президент Садыр Жапаровдун атынан материалдык жардам тапшырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда 108 памирлик кыргыздар же 22 үй-бүлө жашайт, алардын 17си Алай районунда, калгандары Нарын жана Чүй облустарында. «2017-жылы көчүрүлгөндөн бери республикалык бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн эсебинен памирлик кыргыздарга жардамдар көрсөтүлүп келет. Талды-Сууга республикалык бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп, президенттин тапшырмасы менен памирлик кыргыздар Кыргызстандын жарандыгына тездетилген тартипте кабыл алынды. Мамлекет башчы ар бир үй-бүлөгө 10 баш кой, бирден музоо, бирден жылкы бөлүп берди. Жергиликтүү бийлик мал багуу үчүн сарайларды куруп, жалпысынан 850 миң сомго жем сатып алып, азык-түлүк, көмүр менен камсыз кылууда. Алай районунда жашаган 38 балага жөлөк пул, эки жаранга карылык боюнча пенсия дайындалды. 41 бала мектепке барат», — деди Кудайберген Базарбаев.

Министр ар бир үй-бүлөгө 160 килограмм ун, 55 килограмм макарон, 53 килограмм кумшекер, 12 литр өсүмдүк майы, 3 килограмм күрүч, чай, ошондой эле кышкы куртка жана балдардын бут кийимдерин тапшырды.