Пандемия башталгандан бери өлкөдө 15 бала коронавирустан каза болгон

Өлкөдө 1300дөн ашуун бала коронавируска чалдыгып ооруп жатат. Бул тууралуу Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун бөлүм башчысы Сагын Абдувалиева билдирди.

Дарыгердин айтымында, пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 15 бала каза болгон, анын ичинен бир жашка чыга электер 11 наристени түзөт. Дарыгер баланын башка да оорулары бар болсо, анда коронавирусту жуктуруп алуу жана андан дарылануу оор жүрөрүн билдирди.