Панфиловдогу жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мектеп-интернатында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.
«Мекемеге барганда ашканадагы муздаткычта мөөнөтү өтүп кеткен азыктар бар экени аныкталган. Ичүүчү таза суу сактагычты алмаштыруу керек. Стоматологиялык кабинеттен мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер табылган», — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, аларды четтетүү үчүн мектеп-интернаттын администрациясына жөнөтүлөт.