Парламенттик шайлоо. Жарыштагы 21 партиянын төртөө эң көп акчага ээ

«Жалпы иш» коомдук фонддун байкоочулары бүгүн маалымат жыйынында шайлоого катышкан 21 партиянын кайсынысында көбүрөөк акча бар экенин жарыялашты.

Алардын айтымында, булар “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Альянс” жана “Ынтымак”. Алардын шайлоо фонддорунун жалпы суммасы 99,3 миллионду түзөт, бул калган 17 саясий бирикменин атайын эсептеринин көлөмүнөн кыйла ашып өтөт. 

Байкоочулар белгилегендей, мыйзам бузуулар боюнча да партиялар алдыда. Алар шайлоочуларды сатып алуу боюнча төрт билдирүү алышкан. Ошол эле учурда үчөө “Ата Журт Кыргызстан” жана бирөө “Эл үмүтүнө” тиешелүү.