«Пледдин четине муунду дешти». Абакта көз жумган айыпталуучунун апасы акыйкаттык издейт

Бөкөнбаев айылынын тургуну Нуржан Ашырбаева былтыркы жылдын март айында айыпталган уулу убактылуу кароочу жайда каза болгонун айтып, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

«Мен Бөкөнбаев айылынын тургуну Нуржан Ашырбаева. 2021-жылдын 29-мартында уулум каза болгон. Аял уулумдун үстүнөн арыз жазып, баламды каматкан. «Үйгө кирди, сабады» деп. Сабалган, көгаласы да эски болуп чыккан. 27-28 мартта уулум ооруган, эсин жоготуп, киши тааныбай калган. 26-мартта соту болуп, жабырлануучу келбей койгон. 29-мартта баламды «пледдин четине муунду» деп угузушту. Бат эле өлүкканага алып барып салышты. Сойгонго алып барышты, ошондо айтып жатышат балаңды кармоочу жайдан көрүшүм керек болчу деп. Моргго эч кимди киргизбей коюшкан. 1 жылдан бери жүгүрүп, акыйкаттык таппай жүрөм», — деди ыйлаган эне.