«Победа» авиакомпаниясынын Москва-Ош багытындагы биринчи каттамы «Ош» эл аралык аэропортуна конду

Бүгүн, 27-апрелде «Ош» эл аралык аэропортуна Орусиялык «Победа» авиакомпаниясынын Москва-Ош багытындагы биринчи каттамы аткарылды. Учууну салт боюнча суу аркасы менен тосуп алышты.

Авиакомпания жумасына 7 жолу каттамдарды аткарууну пландаштырууда. Бүгүн Москвадан Ошко 180 жүргүнчү учуп келди.