Тез жардам борборунун мобилдик реанимация тобу ичине кан толгон адам менен чогуу дагы бир адамдын өмүрүн сактап калышкан. Окуя туптуура 1 жыл мурда болгон. Бишкектин Лев Толстой көчөсүнөн өтүп бара жаткан кызматкерлер темир жолдо жаткан адамды көрүп калышкан. Киши мас абалында болгон. Анын башы темир жолго чыгып калган. «Кишини эсине келтиришип, милицияга өткөрүп беришкен. Кишини темир жолдон сүйрөп чыгаргандан 2 мүнөттөн кийин поезд өткөн», — дешти.
31-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 31-декабрга караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн....