Поезд тебелеп, эки бутунан ажырап, кийин жубайы экөө бир күндө каза болгон Тилектин кайненеси: «Унаанын кара жолтой болорун ким билиптир»

29-августта поезд тебелеп, эки бутунан ажыраган Тилек Жумабеков менен жубайы көз жумганы маалым болгон. Кырсык Кемин шаарында катталган.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык 26-августка караган түнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда катталган. Субару Легаси үлгүсүндөгү жеңил унаа менен MAN жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адам көз жумган. 

Леди.кж басылмасы Тилек Жумабековдун жубайынын апасы менен баарлашкан. «Орусияга кышында барып алып абдан кыйналышты. Анан эле бир күнү жакшы адамдар себеп болуп акча чогултуп, ал каражат протезге жетпей калганда кеңешишип Тилекке унаа алып беришти. Чындыгында унаалуу болгондо Тилек абдан өзгөргөн. Такси кылып үй-бүлөсүн багууну пландачу. Бул унаанын мындай кара жолтой болорун ким билиптир… Тилек абдан жакшы бала эле. Мүмкүнчүлүгү чектелсе да бош отурбай Орусиядан келгенден баштап футболка сатып баштады. Балага жакын экен, кичүү небереме боор басып, ал да аталап калды эле. Ошол кызды өзүнө каттатып алууну ойлонуп жүрүшкөн», — деди ал.