Унааларды бүгүн, 8-сентябрда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов дарегине жеткирди.
Президент Садыр Жапаров 13-июлда Миң-Куш айылына келип, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн уккан. Жолугушууда айыл тургундары көтөргөн көйгөйлүү маселелердин бири мектеп окуучуларын мектепке ташып жеткирүү үчүн автобустардын зарылдыгы болчу. Учурда Миң-Куш айылындагы 3 орто мектепте 567 окуучу билим алууда.