Президент окуучулардын телефон колдонушу окуу процессине терс таасирин тийгизип жатканын айтты

Россия. Курган. 22 февраля 2019. Школа

Бүгүн, 13-мартта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйын болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептердеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасынын долбоорунун бет ачарын жасады. Мамлекет башчысы жаңы программа буга чейинки баркы менен мааниси кеткен кезектеги “реформага” айланбай, алдыдагы ондогон жылдарга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бекем негизин түзүшү керектигин өзгөчө белгиледи.

Президент акыркы үч жылда жалпы 219 мектеп курулганын, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу 3-4 эсеге көп экенин эске салды. Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин — жол берилгис нерсе деп атады. Былтыр болгону 738 миң нускада 176 миллион сомдук 16 аталыштагы окуу китептери жана 13 аталыштагы методикалык колдонмолор басылып чыкканын белгилеген президент, Министрлер кабинетине эки жылдык мөөнөттө дүйнөгө таанылган алдыңкы стандарттарга негизделген заманбап окуу китептери менен Кыргызстандын мектеп окуучуларын камсыз кылуу маселесин толук чечүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы мектептерди санариптештирүү процессин тездетүүнүн жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мектептерде чөнтөк телефондорду колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырды. Садыр Жапаров мектеп окуучуларын окуу процессинен алаксыткан чөнтөк телефондордун пайдасы жана зыяны тууралуу кеңири коомдук талкууну жайылтууга чакырды. Президент билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын чөнтөк телефондорду колдонуусу окуу процессине терс таасирин тийгизип жатканына көңүл буруп, окуучулардын ата-энелери менен биргеликте туура чечим кабыл алышы керектигин белгиледи.