Президент Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү үчүн борт уюштурууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“ТИМге, ӨКМге, “Манас” эл аралык аэропортуна Орусиянын Ульянов облусунда катталган каргашалуу жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.