Президент Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрүүгө байланыштуу эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышат.
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.
Андан кийин президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча иш сапарын баштап, ал жакта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышып, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.
Белгилей кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт.