Президент Садыр Жапаров Александр Волкодавды жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров ырчы Александр Волкодавды Орусиянын «Голос 10» долбоорундагы жеңиши менен куттуктады. Ал тууралуу өлкө башчысы соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Жаңы жылдын алдында жалпы кыргызстандыктарды кубандырган эң сонун жаңылык Москвадан келди. Мекендешибиз Александр Волкодав абройлуу «Голос» теледолбоорунун мааракелик сезонунун жеңүүчүсү болду. Бул чет элдик вокалдык шоунун финалын миллиондогон көрүүчүлөр бир дем менен көрүп отурду десек аша чапкан болбойбуз. Бүт өлкө кыргызстандык Александр Волкодавды телеэкрандан сүрөп турушту. 

Мекендешибиз сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы экенин далилдеди. Мекендештерибиздин арасында Кыргызстандын даңкын өлкө сыртына да даңазалаган таланттуу жаштар бар экенине абдан сыймыктанабыз. Александр Волкодавдын жеңиши биз үчүн жаңы жылдык эң сонун белек болду. Ага мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди, чоң-чоң жетишкендиктер менен жеңиштерди каалайм!», — деп жазылат куттуктоодо.