“Президент Садыр Жапаров ар бир үй-бүлөгө 15 миң сомдон таратып жатат” деген маалымат төгүнгө чыгарылды

Телеграм каналы аркылуу “Президент Садыр Жапаров ар бир үй-бүлөгө 15 миң сомдон таратып жатат” деген жалган маалымат тарап жатат. Бул тууралуу президенттик маалымат кызматтын жетекчиси соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Мындай маалымат чындыкка дал келбейт, ишенбеңиздер. Интернет аркылуу президенттин жана анын жакындарынын атын пайдаланып таратылган расмий эмес маалыматтар алдамчылык болуп саналат», — деди ал.