Эртең, 23-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат. Түз эфир саат 09:55те башталат.