Ишемби, 31.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Президент Садыр Жапаров «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады

11:06 04.12.2021
0
«Ушак айтуудан, жалаа жапкандан да орозо кармоо зарыл». Садыр Жапаров Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер! Сиздерди улутубуздун улуу байлыгы жана дөөлөтү болгон „Манас“ эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктайм! Тарыхына сыймыктанган ар бир эл өзүнүн адабий жана маданий мурасын аздектеп, аны даңазалоонун жүгүн көтөрөт. Ошол мурас, ошол дөөлөт бара-бара ошол элдин улуттук ураанына, руханий эн тамгасына айланып, дүйнөгө таанылат. Кыргыз элинин маңдайына бүткөн, таалайына жаралган байыркы „Манас“ дастаны бүгүнкү күндө дал ошондой милдетти аркалап келет.

Чынында эле ата-бабалардын көчмөн цивилизациясы доорундагы гимни, Евразия мейкиндигинде жаңырып турган ыры болгон „Манас“ эпосу кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, жалпы эле рухий жана социалдык турмушун чагылдырган эң баалуу энциклопедиялык булак. Көлөмү эле эмес, көркөмдүгү менен да бүт адамзатты таң калтырган улуу эпосубуздун ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине катталышы да тегин жерден эмес. Элдик оозеки чыгармачылыктын уникалдуу үлгүсү саналган „Манас“ эпосуна бүгүнкү күнү дагы дүйнөлүк фольклор таануу илиминин кызыгуусу артууда. Ал  көптөгөн мамлекеттердин окумуштууларынын изилдөө объектисине айланып, жалпы адамзаттык маданияттын казынасына кирди.

Мен улуу дастаныбызды муундан муунга өткөрүп, сактап келген манасчыларыбызга, аны жыйнап, изилдеп, жайылтууда „акылын азык, каруусун казык“ кылып, мээнет тарткан изилдөөчүлөрүбүзгө башымды ийип, таазим этемин. Ааламдашуу маалында улуу эпопеябызды жаңы шартта иликтеп-изилдеп, чечмелеп, элибиздин калың катмарына жеткирип, андагы түбөлүктүү көөнөрбөс идеалдарды, баалуулуктарды жаштарыбыздын аң-сезимине сиңирүүбүз зарыл. Тамырына жана дилине ата-бабаларынын демин каткан муун гана Мекен, эл-жер үчүн күйө билип, аны көздүн карегиндей сактоону ыйык парз деп билет. Бул улуу сезимди көкүрөгүнө уютуп алып жүрөт.

Өлкө тарыхында биринчи жолу „Кыргыз мамлекеттик ‚Манас‘ театрынын“ түптөлүшү мыкты саамалык болду. Бул театр „Манас“ дастаны менен катар башка кенже эпосторду жана айтуучулук өнөрдү сактоо, жайылтуу жана даңазалоо милдетин аркалоого бел байлап отурат. Мындан сырткары, эпостун негизинде көп сериялуу кинофильмдерди, балдар үчүн анимациялык тасмаларды тартып, „Манастын“ ыр, кара сөз түрлөрүндөгү варианттарын түзүп, аларды дүйнөнүн негизги тилдерине которуп, таркатып, пропагандалоону колго алуу зарыл. „Илиада“ жана „Одиссея“, „Рамаяна“ жана „Махабхарата“ сыяктуу оозеки мурастардын керемет эстеликтериндей эле, биздин „Манас“ дагы дүйнөнүн бардык илимий мекемелеринин, окуу жайларынын китепканаларында турушу керек.

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди дагы бир жолу улуу „Манас“ дастаныбыздын күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө өнүгүү, мекенибизге тынчтык, элибизге биримдик каалайм! Манас бабабыздын арбагы ыраазы болуп, эркиндигибиздин туусу түбөлүк желбиресин!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Автор СЕРЕП МЕДИА
23:14 29.01.2026
0

  Мурдагы депутат Исхак Масалиев BBC’ге берге комментарийинде Жапаров менен Ташиевдин мамилеси фундаменталдуу жана туруктуу экенин айтты. "Буларды мурунку эки...

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Автор СЕРЕП МЕДИА
22:16 29.01.2026
0

  Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Клара Сооронкулова президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда — быйыл, 2026-жылы өткөрүү мыйзамдуу экенин билдирди. Анын айтымында,...

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Автор Айзада Тураркулова
14:37 28.01.2026
0

Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы 19 миң сомдү түзөт. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. "Азыр эле...

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү  айдоочуну сапаттуу  даярдоого кызыкдар болгон эмес.  Алардын негизги максаты — акча табуу»

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес. Алардын негизги максаты — акча табуу»

Автор Айзада Тураркулова
14:19 28.01.2026
0

Өлкө башчыс Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк алуу, жеке автомектептердин жабылуусу боюнча "Кабар" агенттигине маек берди. Ал "Жеке автомектептерди жаппай эле...

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Автор Айзада Тураркулова
14:56 27.01.2026
3

СерепТВ редакциясы учурда коомчулукта катуу талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановго мурунку жубайы менен болгон чырынын айланасында пикирин билүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү