Президент Садыр Жапаровдун жеке ишкер Азим Рой менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, талкууга түштү

Президент Садыр Жапаровдун бизнесмен Азим Рой менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, талкуу жаратты. Президенттик администрация сүрөт качан, кайсы жерде тартылганы тууралуу маалымат берген жок.

Жакында эле президенттин кортежинде эки жаңы Chevrolet Suburban жол тандабастары пайда болгону тууралуу маалымдалган. ЖМКлар аларды Рой тартуулаганын божомолдошкон, бирок Эрбол Султанбаев бул маалыматты четке каккан.