Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун атын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жарлык кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын алкагында жана анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана калыптандырууга кошкон тарыхый зор салымын эске алуу менен иштелип чыккан. Академиянын окумуштуулар кеңеши кыргыздын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөөнү уюштуруу боюнча комитеттин демилгесин колдоп, ошондой эле чыгаан мамлекеттик ишмердин ысымын билим берүү мекемесине ыйгарылышы сыймык экенин билдиришти.

Жарлыкка ылайык, окуу жай мындан ары “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы” деп аталат.