«Президенттик аппараттын кызматкерлери Нью-Йоркто шопинг кылып жүрөт» деген билдирүү жазылып, жарыяланган сүрөт талкууга түштү

Соцтармакта «президенттик аппараттын кызматкерлери Нью-Йоркто шопинг кылып жүрөт» деген билдирүү менен коштолуп жарыяланган сүрөт талкууга түшкөн. 

Буга байланыштуу мамлекет башчысынын жардамчысы Эрнис Ашырбаев Нью-Йоркко жеке иштери менен барганын жазды. Президенттин маалымат катчысы да сүрөттө Эрнис Ашырбаевден башкасы президенттик аппаратта иштебей турганын кошумчалады.